"Казминерал" бул мурдагы "Казакмыс" компаниясы. Ал "Казминерал" болуп 2014-жылы өзгөргөн.
Жергиликтүүлөр койгон дооматтардын айланасындагы талаш-тартышка Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин компания келтирген чыгымдар боюнча эки башка тыянагы себеп болуп, ишти териштирүү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жүктөлдү.
"Казминерал" жоопкерчилиги чектелген коому арча токоюн кыйууга Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кепилдигин алгандан кийин киришкен. Бирок, эколог адистер жана жергиликтүү активисттер тыптыйпыл жок кылынган 16 гектарга жакын арча-токойлор болгону төрт жарым миллиондон ашык сомго бааланганына нааразылык билдирип келатышат. Алар экологиялык нормалардын минтип бузулуп жатышынын артында коррупция бар деп шектенишүүдө. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамов “Азаттыкка” түшүндүрмө берди:
- Ооба, башында биздин адистер 21 миллиондон ашуун сом чыгым келтирилет деп, эсебин чыгарып беришкен. Бирок, алар жалпы райондун токойлорун эсептеп беришкен экен, ал эми азыр "Казминерал" казып жаткан Бозумчактагы участок биздин токой чарбасына тиешеси жок эле жер экен. Ал жер ошол жердеги айыл өкмөтүнүн аймагы, ошол айыл өкмөтүнүн жери экен. Андан соң кайра эсептеп чыгып 4 миллион 610 миң сомдук чыгымдын эсеп-кысабын беришкен. Мына ошондон тарта чындыгында түшүнбөстүктөр жана ушундай сөздөр бар. Учурда ага катыштыгы бар кызматкерлер жумуштан айдалып, бааны өтө ашыра чаап эсептешкендери үчүн азыр УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын тергөө иштери жүрүп жатат.
Алабукалыктарды кен иштетүүчү компаниялардын жалпы эле жерге, жаратылышка өгөй мамилеси тынчсыздандырып жатат. Маселен, жергиликтүү тургун Рысбек Ботобеков инвестчилер анча-мынча социалдык колдоолор менен элди жооткотуп коюп, табиятка орду толгус жоготууларды алып келип, талкаланган жерди таштап кетип жатканына кейийт:
- Ала-Бука, Чаткал өрөөнүндө учурда көптөгөн кен казуучу компаниялар иштеп жатат. Арасында кытайдыкы, казактыкы, түрктөрдүкү дейт, иши кылып, көп инвесторлор бар. Алар иштеп жатса эле жыргап калдык дегенден алыспыз. Биздин негизги чоң жолдорубузду салып берип койушса жакшы болмок. Таптакыр тешилип бүттү. Андан сырткары жанагы казып кеткен жерлерин одурайтып таштап кетпей, кичине калыбына келтирип кетишсе болмок да, андай жерлерибиз өтө көп, чала казып ошол бойдон таштап кеткендер. Ал эми айыл өкмөттөрүнүн социалдык пакеттерине кичине бирдеме бергенсишип жатышат окшойт, жардам берди деп калышат.
"Казминерал" компаниясы Ала-Бука районундагы Бозумчак кенинде 2007-жылдан тарта иштеп келатат. Кендеги жездин көлөмү 140 тонна, күмүш 144, ал эми алтындын запасы 23 тоннаны түзөт. "Казминерал" компаниясынын басма сөз катчысы Елена Трегубова учурдагы кен казуу иштери жана төлөнгөн салыктар туурасында "Азаттыкка" буларды айтты:
- Мен ишенимдүү айта алам, Кыргызстандагы экологиялык нормаларды сактоо менен иштеп жаткан кен казуучу компания - бул биздики. Нымдуулук 14% дан ашпайт, кыпындай да цианид колдонулбай иштеген технологияны колдонобуз. Демек, айлана-чөйрөгө да эч кандай зыян тийгизбөө аракетин көрүүдөбүз. Ушу күндө Бозумчакта жети миңден ашуун жашыл көчөттөрдү отургузуп, кичи питомниктерди уюштурдук, ал эми тиешелүү болгон салык жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөп келе жатабыз, 2015-жылдын салыгын да толук кандуу төлөп январь айында болгон отчетторубузду бердик. Бул жаатта бизде комплекстүү иштер жүргүзүлөт.
Мурунку вице-премьер-министр, коомдук ишмер Базарбай Мамбетов Бозумчак кенинде башынан эле оркойгон мыйзам бузуулар болгонун айтат. Ал салык жана башка төлөмдөр берилгени менен бардыгы эле ачык эмес деп эсептейт.
- Бул компания өз ишмердүүлүгүндө канча салык төлөрүн көргөзбөй келет, ага биздин мамлекет да күнөөлүү, анткени "Казминерал" менен келишим түзүп жатканда пайыздар ачык көргөзүлүп, салыктар элге ачыкталып турушу керек эле. Мисалы, "Кумтөр" компаниясынын төлөгөн салыгы, албетте, бизге жакпайт, ал абдан аз санда, бирок келишим ошондой түзүлгөн соң ал жыл сайын өзү канча салык төлөгөнүн жарыялап турат. Бозумчак да "Кумтөрдөй" эле мамлекеттик деңгээлде карала турган запасы көп алтын кен болуп саналат. Кыргызстанда бир эле "Казахмыс" эмес, бир да кен казуучу компания салыгын "Кумтөр" сыяктуу ачык көргөзбөйт.
Учурда Кыргызстанда жаратылыш байлыктары боюнча кен иштеткен 360 компания бар. Анын бардыгы тең мамлекеттик лицензияларга ээ болуп ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Алардын ар бири менен мамлекет кандай келишимдик негизде иштешкендиги туурасында бардыгы эле ачыкталган эмес. Мындай алешемдик эколог жана геолог адистердин, жергиликтүү активистердин нааразылыктарын жаратып келет.