Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Абактагы тузакка түшкөн кыз-келиндер


Иллюстрация
Иллюстрация

Сизге кокустан чалган адам абакта экенин кантип билсе болот? Эмнеге кыз-келиндер үй-бүлөсүн таштап соттолгон адам менен бирге болууга макул болушат?

Ички иштер министрлиги быйыл жыл башынан бери түрмөдө жаткандарга жасалма нике күбөлүгүн жасаган сегиз факт боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Ал ортодо абактагылар менен кокустан таанышып, аларды жактырып калган же кылтагына илинип айласыздан тамак-аш ташып, ал тургай карызын кошо төлөөгө макул болгон кыз-келиндердин саны арбын.

"Сендей кыздар көп"

Бул окуя башталганда Керез студент болчу (каармандардын аты өз өтүнүчү менен өзгөртүлдү - авт.). Күндөрдүн биринде ага бейтааныш жигит телефон чалат. Өзгөчө жагымдуу үнү, жалындуу сөздөрү менен аны бат эле арбап алат. Арадан убакыт өтүп, экөө ынак боло түшкөндө жигит түрмөдө экенин, бейкүнөө соттолуп кеткенин айтат. Керез телефондон күнүнө бир нече жолу сүйлөшүп, анда-санда сырдашып көнө түшкөн адамга бир чети ишенип, бир чети боору ооруп, абактагы адам менен баарлашууну уланта берет.

- Бир жолу кечинде мага бейтааныш номерден бирөө чалды. Кайдан, кандай чалганын деле алгач сураган жокмун. Экөөбүз жакшы баарлаштык, үнү да жагымдуу болчу. Сөзү орундуу экен. Кийин анын абакта экенин билдим. Ошондон кийин да чалып турду, кезигели деп тынбай чакыра берди. Мен ага бара албасымды айтып жүрө бердим. Бир жолу телефонума бирдик салып бер дегенинен өтүнүчүн аткардым. Аядым... Дагы бир жолу келип кетүүмдү өтүндү. Барсам, так ошол маалда ачкачылык жарыяланып, митинг болуп жатыптыр. Ал жактан формачан адам чыгып, “бул жерге силерди телефон менен эле алдап чакырганын билем, катышпай эле койгула” деди. Ошондо гана ага мен керек эмес экенимди, мени пайдаланып жатканын түшүндүм. Кетип калдым. Бирок ал бала дагы эле чала берди, актанды. Анан барбай койсом, ал “өзүңдү өзгөчө сезбечи, сендей кыздар көп эле” деп жинденип, акыры урушуп кеттик. Андан кийин номурумду алмаштырып салдым. Ошол боюнча жок болду.

Темир тор артындагы сүйүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:20 0:00
Түз линк

Керез өңдүү түрмөдөгүлөр менен кокусунан телефондон, социалдык тармактардан таанышып сүйлөшүп калгандар аз эмес. Арасында абакка тамак-аш киргизип, түрмөдөгү адамды күтүп, кыска мөөнөт сүйлөшкөнүнө карабай турмуш курууга даяр экенин билдиргендер да бар.

Атасын ортого салып, карызын төлөтүп...

Бир баланын энеси Сымбат да абактагы адамдын жылуу сөзүнө арбалгандардын бири. Сымбаттын эжеси Шайыр бир жыл мурдагы окуяны айтып берүүгө макул болду. Айтымы, анын сиңдиси бир баласы менен ажырашып, өзүн жалгыз сезип жүргөн маалда Одноклассники социалдык тармагынан бирөө менен таанышып калат.

Таанышкан адам күн алыс гүл жөнөтүп турат. Күнү-түнү телефондон, интернеттен сүйлөшүп, бара-бара мамилеси жакындайт. Андан өткөн сырдаш жоктой, баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Көп өтпөй, абакта экенин билет, бирок таанышкан адамга турмушка чыгууга макул экенин туугандарына жар салат.

- Менин жакын адамым абакта отургандан аз жерден жабыркап калайын деген. Одноклассникиден таанышыптыр. Ошол кезде жаңы эле бир уулу менен ажырашкан эле. Таанышкан адам жылуу сөз айта баштайт. Андай сөздөрдү мурда укпаган сиңдим телефонду колунан түшүрбөй калат. Кечке ошону менен эле сүйлөшүп калган. Ал курьер аркылуу гүл берип жиберет. Ал тургай абактагы баланын атасы да келиндин иштеген жерине келет. "Балам абдан жакшы, түрмөгө жаңылып түшкөн, сен кат жазышып тур, сени менен таанышкандан бери жашоого кызыгып калды" деп айтат. Эки ай сүйлөшкөндөн кийин эле бир күнү "мындай адамды мурда көргөн эмесмин, мен ошого турмушка чыгам" дейт. Туугандары анын кандай адам экенин сураштыра баштаса түрмөдө болуп чыгат. Анысы аз келгенсип таанышкан жигити жакындарынан чоң суммада акча суратат. Ал дагы "тигинин карызы бар экен, жок дегенде жарымын төлөйүн" деп калыптыр. Туугандар арасында ызы-чуу башталат, кандай киши менен таанышкан деп шок болушат. Ошентип, өз убагында туугандар сактап калган. Октябрда таанышат, декабрда турмушка чыгам дейт. Кийин сураганда түрмөгө бир эле жолу барганын айтты, бирок ким билет...

"Банан, шоколад жейм..."

Ал эми Бишкектин тургуну Миргүл өзүнүн 25 жаштагы жакын курбусу кабылган окуяны айтып берди.

- Менин жакын курбу кызым түрмөдөгү адам менен 2011-жылы таанышкан. Орто жолдо бир жылдай сүйлөшпөй калып, азыр кайра байланыша баштады. Негизи ал бала менен биздин башка курбу кызыбыз таанышкан. Ал бир жолу абактагы жигит коркутуп жүргөнүн, өзү да кооптонуп жатканын айтып калды. Сен коркуп жатсаң мен сүйлөшөйүн деп, ошол бойдон аны менен жакын болуп кетти. Бир жолу телефонунан СМС жөнөткөнүн көрүп калдым. Түрмөдө отуруп алып "галош, ага батек" деп керектүү буюмдардын тизмесин жөнөтчү. Курбум алып барып берчү. Ал баланын айтымында, 2008-жылы машина уурдап качкан экен. Ошондо беш жылга эркинен ажыратылганын айткан. Андан бери канча өттү же чыккан жок. Менин курбу кызым окууну бүткөн, мурда турмушка чыккан эмес, иштеген иши бар. Тамак-ашты машинага жүктөп алып барат. Ал бала "жатып кеткенге кел, чогуу тамак жасайбыз" деп айтат экен. Бирок экөөнүн нике күбөлүгү жок болгондуктан киргизбейт экен. Менин билишимче ортодо коркутуу деле жок.

Миргүлдүн айтымында, курбусунун абактагы таанышы жакындарын, досторунун баарын тааныйт. Каршы чыккандарына чалып коркуткан учурлары да болгон.

- Болду, сүйлөшпө десек бизди жаман көрүп жүрдү, ал бала да мага чалып, "сен эмне бузуп атасың, сен кимсиң?" деп коркуткан учурлары болгон. Мени таң калтырганы - түрмөдөгү баланын “мен банан жегим келет, шоколад ала келчи” дегени... Кудайдын куттуу күнү бирдик салдырат. Аягында кийим алып бере баштады. Курбу кызым сүт, айран киргизсе, “сен мени ооруканада жатат деп ойлоп жатасыңбы? Мага колбаса, тамеки киргиз”, - деген буйруктарды берет экен.

Эркинен ажыратылган адамдар менен таанышкандын баары эле алданып, коркутуп-үркүтүүгө туш болот деп айтуу да кыйын. Интернеттеги форумдардан түрмөдөгү адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бактылуу үй-бүлө курган кыздардын таржымалын табууга болот.

"Мен эми сени менен жашайм"

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери абактагыларга жасалма нике күбөлүк жасап берген сегиз факт катталган. Бул боюнча эки кылмыш иши козголду.

ИИМдин Уюшма кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Талгат Өскөналиевдин “Азаттыкка” айтымында, түрмөдөн чыккандан кийин мурда таанышкан кыз-келиндердин үйүнө барып "эми сени менен жашайм" деп кирип алган, коркуткан учурлар кездешерин билдирди.

- Бул кыздар телефон, социалдык тармактар аркылуу таанышып, абактагыларга барып-келип жүрүшкөн. Алардын жолугушууларын текшере келгенде ачыкка чыгып отурат. Алар расмий түрдө үйлөнгөн эмес, бирок нике күбөлүктөрү бар болуп, ошол менен кирип жүрүшкөнү, нике күбөлүгүн экспертизага бергенде алар жасалма экени аныкталган. Алар күбөлүктү жабык жайларга кирип-чыгыш үчүн, тамак-аш ташып, тыюу салынган нерселерди, телефонду киргизүү үчүн колдонушкан. Сегиз факты боюнча далил иштерди топтоп, эки кылмыш ишин козгодук. Сураштыра келгенде арасында жеңил-желпи жүргөндөр, жөн эле алданып калгандар бар. Көбүнчө социалдык абалы оор адамдар тез алданат. Мындай учурлар былтыр, мурдагы жылы да кездешкен. Жакшынакай эле кыздар таанышып, үйүнөн акча алып барып берет, тапкан айлыгын коротот, банктагы акчасын накталай кылып аларга жеткирип берип турушат.

Өскөналиевдин айтымында, мындай учурга кабылган кыздар милицияга арызданышпайт. Көбү башка иштерди иликтөө маалында гана билинип, ачыкка чыгып калат.

- Кыздар өздөрү келип айтышпайт. Көп учурда бир ишти тергеп жатканда белгилүү болот. Ошол учурда гана корктум, уялдым, алданып калдым деп ыйлап айтып бергендер болот. Абактан чыгып келип мурда таанышкан кызды таап алып, үйүнө кирип, "сени менен жашайм" дегендер да болгон. Ошондуктан кыз-келиндер таанышкан адамды кайра-кайра текшерип, тааныштарын сураштырып, өтө эле сырдашып сүйлөшпөсө дейбиз.

Ал эми Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын белгилешинче, түрмөдө жылына расмий түрдө баш кошуп, нике күбөлүгүн алгандардын саны онго жетет.

- Түрмөдө үйлөнгөн учурлар бар. Нике кыйган учурлар бар, бирок биз мечиттен нике кыйдырып келгендерди расмий деп эсептебейбиз, андайлар жолугушууга кирбейт. Расмий үйлөнгөндөрдүн саны жылына онго жетип-жетпейт. Абактагылардын паспортторунун жоктугу да буга себеп болсо керек. Түрмөгө отуруп калса эле жашоо бүтүп калбайт да. Сүйлөшкөн жигитим, жакшы көрөм деп келип тургандар бар.

Дипломсуз психологдор

Адатта абактан түшкөн мындай коңгуроолордун сценарийи дээрлик окшош. Алар өтө жагымдуу, сыпайы жана ишенимдүү сүйлөгөнгө аракет кылышат. Көбүнесе кооз, адабий тилде, күнүмдүк турмушта көп айтылбаган, эркелеткен сөздөрдү колдонушат. Абактагылардын “бал тилине” көбүнчө турмушуна таарынган, башка бирөөлөрдүн көңүл буруусуна муктаж, жалгыздыктан тажаган кыз-келиндер тез арбалат. Түрмөгө каттагандардын айрымдары сексуалдык кызмат көрсөтүү үчүн барышары да айтылып жүрөт.

Психолог Самат Аалканов мындай учурларга көбүнчө социалдык факторлор себеп болушу ыктымал деп эсептейт.

- Жакшы сөздөрдү айтса, өзүн жакшы алып жүрсө аялдар өздөрүнө жаккан ар кандай көрүнүштөрдү ойлоп тапса керек. Мисалы, “аялдарга сүрөттүн бир бурчун эле көрсөтүп койсоң ал идеалдуу картинаны өзү ойлоп таап алат” деп коюшат. Мүмкүн ошондой фактор ойношу мүмкүн.

Ал эми дагы бир психолог Назира Кубанычбек абакка түшкөндөрдү адамга качан, кантип сүйлөгөндү билген, кайгысын тең бөлүшүп, жашын сүртүүгө даяр көрүнгөн диплому жок психологдор деп эсептейт.

- Негизи аялдар эркектерге караганда эмоционалдуу болушат. Ал эми абактагылар кимге эмнени сүйлөп, кайсы сөздөн кийин эмнени сураш керек экенин жакшы билишет. Алар мыкты тили менен эле бат эле алдап коюшат. Өздөрүнүн арасында “кулагына гүл өстүрүп койдуңбу” деп коюшат го. Өзгөчө адабий сөздү жакшы колдонгонду билишет. Мисалы, “айым”, “кандайсыз, бийкеч”, “жакшы турасызбы, селки” дегендей...

Кыргызстандын мыйзамдары эркинен ажыратылган адамдарга чөнтөк телефон колдонууга тыюу салат. Бирок минтип алардын ээн-эркин телефон колдонгон, интернетке кирип башкаларды алдоого жетишкен учурлары арбын кездешет.

Учурда Жаза аткаруу кызматы абактарда уюлдук байланышты басаңдатуучу жана кире бериште текшерүүчү аппарат орнотуу иштерин көрүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча, Жаза аткаруу мекемелериндеги шылуундар 2014-жылы телефондон элди алдоо жолу менен 12 миллион сомго жакын акча чогултушкан. Алдангандардын арасында карапайым тургундан тартып министрге чейин бар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG