Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Орусия Түркияны террорчуларды тымызын колдоп жатат деп айыптады


Мындай сөзүн Орусиянын Сириядагы эки жаат болуп чатакташкан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчиси, генерал-лейтенант Сергей Кураленко айтты.

Анын сөзүнө караганда, күнү-түнү Түркиядан Сирияга чек ара аркылуу оор жүк ташуучу унаалар өтүүдө. "Алар Орусияда тыюу салынган «ан-Нусра», «Ахрар Аш-Шам» террордук уюмдар көзөмөлдөгөн аймактарга курал-жарак жана башка каражаттарды жеткирет деген божомол бар" дейт Кураленко.

Ал арада Сирия оппозициясы президент Башар Асадга баш ийген күчтөр козголоңчулардын позициясына чабуул жасоону улантуу менен тынчтык келишиминин аткарылышына коркунуч жаратып жатканын жарыялады.

Франция да Сириядагы ок атууларды токтотуу тууралуу Орусия – АКШ макулдашуусунун шарттары бузулуп, оппозициянын кошуундарына кол салган учурлар бар экенин маалымдады.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирияда тынчтык орнотуу келишимин бузган учурлар дыкат иликтенип жатканын жана андан майнап чыкпады деп тыянак чыгарууга негиз жоктугун белгилеген.

XS
SM
MD
LG