Бейөкмөт уюмдар болсо Кыргызстанда жумушсуздук жыйырма пайыздан ашарын айтып келишет. Ошол эле учурда кесипкөй адистерди издеген ишканалар дагы арбын. Бишкектеги элди жумуш менен камсыз кылуу борборунда жумушсуз 200 миңден ашык адамдын төрттөн бир бөлүгү гана каттоодо турат.
Өлкөдөгү жумушсуздук күчкө толуп турган жаштарды чет өлкөгө мигрант болуп кетүүгө аргасыз кылууда. Акча табам деп кеткен мекендештер бөтөн жерде кыйынчылыкка дуушар болуп, ал тургай эмгек кулчулугуна кабылгандар да арбын.
Ал эми айрым адистер кыргыз жаштарынын аң-сезиминде “мамлекет жумуш таап берет” деген жаңылыш ой калыптанып калганын айтышат. Алар жумуш табуу үчүн ар бир жаран өзү да аракет кылышы керектигин белгилешет. Жаштардын ишке орношуусунда дагы бир кызык парадокс бар.
2015-жылдын ортосунан тарта Кыргызстанда курулуш жана тигүү тармагынын иши солгундаганы жумушсуздар армиясынын катары калыңдады.