Өздөрүн “йакын инкарчыларбыз” деп атагандардын саны Ысык-Көл облусунда токсонго чамалап калганы айтылууда.
Алардын басымдуу бөлүгү Каракол шаарында, Ак-Суу, Түп райондорунда жашайт жана жергиликтүү милициянын каттоосунда турат. Тыюу салынбаган, бирок, жергиликтүү казыяттын эрежелерине баш ийбеген, узун чачтары жана кийимдери менен айырмаланган бул дин адамдары эмне менен алектенишет?
Өздөрүн “Йакин инкар” деп атап алгандар тиричиликтеги бардык муктаждыктардан дээрлик баш тартып, өздөрү, жашоо-тиричилиги тууралуу маалыматтарды жабык кармашат. Ысымын жашыруун калуусун каалаган ошондой "инкарчылардын" бири буларды айтты:
- Бактылуу болуш үчүн ыйманды шарт кылган. Ыйман деген бул - ишеним. Ошол терең ишеним арабчадан “йакин” деп которулат, бул Аллага толук ишенүү деген сөз. “Йакин” болуш үчүн, Аллага толук ишениш үчүн башка нерселерди "инкар" кылуу (четке кагуу) керек. Кудайдан башка нерсеге болгон ишенимди "инкар" кылыш керек, баарын четке кагыш керек.
"Инкарчылар" негизинен дааватчылык менен алек болушат. Бирок, казыят тышкы келбетин тыкан алып жүрбөйт, үй-бүлө мүчөлөрү уруксат берген тил кат алып келишпейт деген негиз менен, аларга дааватка чыгууга расмий уруксат бербейт. Мындай келишпестиктин жөнүн облустун казысы Алмаз Сагындыков мындайча түшүндүрдү:
- Дааваттын ичинде өзүнүн тартиптери бар. Булар ошол тартиптерге баш ийбеген адамдар болуп жатат. Мисалы, кыргызча кийимди кий десе, кийбейм деп, чачыңды кыскарт десе, кыскартпайм деп, муфтияттын жана казыяттын чыгарган буйруктарына баш ийбей өз алдынча чыгып жүргөн жамаат. Мындан тышкары да көп нерселери бар. Дүнүйөлүк иштерди кылбаш керек дешет. Мисалы, үй салбаш керек, жумуш кылбай эле коюш керек деген нерселери бар. Бардык нерсе Алладан болот деп...
“Азаттыктын” кабарчысы жолуккан, атын атагысы келбеген "инкарчы" Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын тартибине эмне үчүн көнбөй жатканын мындайча айтты:
- Бизди чачты кыскарткыла, сүннөт кийимиңерди кескиле, анан уруксат берилет деп атат. Кесилбейт да чач деген, анткени пайгамбардыкы ошондой болгон да. Пайгамбарыбыз ушундай кийинчү. Сүнөттү кес, чеч дебейт да. Мен бир гана сүннөт деп эле жатам. Мен сүннөт деп кийип жүрөм кийимимди. Чачты да пайгамбарга окшошуп калайын деген максатта сүннөт деп коюп жүрөм.
"Инкарчылардын" жүргөн-турганы, кийими, жабык жашоо-тиричилиги мамлекеттик көзөмөл мекемелеринин да шектенүүсүн пайда кылууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Арсен Самаевдин айтканына караганда, милициянын да, муфтияттын да эрежелерине баш ийбесе, бул жамаатка тыюу салуу демилгеси көтөрүлчүдөй:
- Алар тартиптерге баш ийбей жатат. Муфтияттын чечимине да баш ийбей, милицияга да баш ийбей жатат. Кыскасы өз билгендерин кылышууда. Расмий түрдө 90го жакын киши административдик жазага тартылган. Былтыр 73 кишини жоопко тартканбыз административдик түрдө. Быйыл болсо 20дан ашык киши алынып келип, протокол түзүлүп, сот органдарына жиберилди. Булар менен эми маек жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл же болбосо тартипке келтирүү керек. Такыр болбосо буларга тыюу салуу керек.
Акыркы жылдары облус аймагында көбүрөөк каттала баштаган “йакын инкарчылар” Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдардын тизмесине кирбейт. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев “Азаттыкка” берген интервьюсунда “йакын инкарбыз” дегендер коопсуздукка коркунуч келтирбейт деп билдирди:
- Бул жамаат – сопулук ишине өтүп кеткендер. Курсагы тойсо болду. Өзүмдүн курсагым тойсо болду деп, аялын, бала-чакасын таштап кетип калгандар. Мамлекеттин саясатына кийлигишпейт. Коркунучу жок. Зыяны өздөрүнө эле.
Облус казысы Алмаз Сагындыков болсо бул топтун туура эмес иштерин күч колдонуу аркылуу эмес, түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү менен жөнгө салуу керек деп эсептейт.
"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп саналат.