Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

Тайванда аял президент шайланды


Цай Инвэнь
Цай Инвэнь

Цай Инвэнь өлкөнүн тарыхындагы алгачкы президент аял болду. Оппозициялык маанайдагы Демократиялык прогрессивдүү партиянын талапкери жергиликтүү бийликтин жана мыйзам чыгаруучу органдын башчылыгына жүргүзүлгөн шайлоодо жеңишке жетти. Шайлоонун жыйынтыгында ДПП 60% добушка ээ болгону белгилүү болду.

Буга чейин мамлекетти башкарып келген Гоминьдань партиясы жеңилгенин моюнуна алды. Аталган партия Кытай менен жакшы мамилени колдойт.

Ал эми ДППнын лидери Цай Инвэнь тескерисинче, өлкөнүн Кытайдан көз карандысыздыгын бекемдөөнү жактап келет. Байкоочулар анын бийликке келиши Кытай менен мамиленин курчушуна алып келерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG