Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:16

Түркия: журналистти өлтүрүүгө шектелгендер камалды


Түркия полициясы былтыр декабрда өлтүрүлгөн журналисттин өлүмүнө шектүү адам кармалганын кабарлады. Ага көмөктөшкөн дагы эки киши колго түшкөн. Сот аларды камоо чечимин чыгарды.

Башкы оппозициялык журналдын редактору, сириялык кинодокументалист жана журналист Нажи Жерфди былтыр декабрда Түркиянын Гизиантеп шаарында өлтүрүп кетишкен. Маркум акыркы убактарда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун согушкерлери тарабынан өлтүрүлгөн учурларды тасмага тартып алган. 28-декабрда журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчиликти аталган уюм өзүнө алган.

Нажи Жерф акыркы бир айда Түркияда өлтүрүлгөн үчүнчү журналист. Чек арасыз журналисттер уюмунун айтымында, журналист ага чейин бир нече жолу коркутуп-үркүтүүгө кабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG