Жаңы шайланган акыйкатчы Кубат Оторбаевди бүгүн жамаатка Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Алимбеков, Адам укуктары, конституциялык түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана этика комитетинин жетекчиси Галина Скрипкина тааныштырды. Оторбаев жалпы жамаат менен бирге Акыйкатчы институтунун ишин жаңы сапатка көтөрүүгө ишенерин белгиледи.
Жогорку Кеңеш кечээ, 30-декабарда үч талапкердин ичинен Кубат Оторабевди шайлаган. Ага жалпы депутаттардын 63ү добуш берген. (КЕ)