Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

Өкмөт бюджеттегилерге ипотека бере баштайт


Келерки жылдан тарта өкмөт бюджеттик кызматкерлерге ипотекалык насыя бере баштаганы жатат. Бул үчүн атайын мамлекеттик ипотекалык компания түзүлүүдө.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев аталган маселе боюнча жыйын өткөрдү. Анда насыя сом менен гана 15 жылдык мөөнөткө берилери, сатылып алына турган турак жайдын чарчы метри 37,5 миң сомдон ашпашы керектиги айтылды.

- Насыя мугалим, тарбиячы, дарыгер, аскер жана күч кызматкерлерине берилет. Бирок акча чынында муктаж болуп жаткандарга тийиши керек. Бул үчүн тандоонун так механизмдери иштелип чыкты, - деди Сариев.

Кыргызстанда насыяны жеке коммерциялык банктар гана берет. Төлөмдөр негизинен доллар менен жүргүзүлгөндүктөн бир доллар 40-50 сом кезинде насыя алгандар учурда бул карызын төлөй албай убара болууда. Себеби инфляция өтө жогорулап, учурда бир доллардын баасы 76 сомго жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG