Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

ЕАЭБдин бирдиктүү валютасы үстүндө иштөө кийинкиге калтырылды


Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкына шилтеме жасап, орусиялык “Известия” интернет сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Орусиянын Борбордук банкы Евразия экономикалык биримдигинин орток валютасын киргизүү боюнча иштөөнү кийинкиге калтырды.

Борбордук банктын өкүлдөрү бул үчүн оболу ЕАЭБдин алкагында экономикалык союзду толук көлөмдө куруу зарылдыгын билдиришкен.

Орусия, Казакстан, Беларус ортосунда валюталык союзду түзүү маселесин карап көрүүнү орус президенти Путин быйыл мартта сунуш кылып, кийинчерээк Борбордук банкка бул маселенин үстүндө иштөөнү тапшырган эле.

Каржы эксперттери ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн ич ара соодасына караганда үчүнчү тарап менен соодасынын көлөмү бир нече эсе көп экенин эске алганда, орток валюта киргизүү мүмкүн эместигин айтышкан.

ЕАЭБга азыр Орусия, Беларус, Казакстан, Армения, Кыргызстан мүчө. (UE)

XS
SM
MD
LG