Ала-Бука районунун борборунан 100 чакырым алыстыкта, чек ара тилкесинде орун алган Көк-Таш айылындагы жайма базар. Бул жерде баа 30% кымбат. Эң негизгиси соода нак акчага жана карызга жүрөт. Ар жуманын бейшемби күнүнө белгиленген бул базарда айылдыктар соодадан тышкары тааныштары менен да жолугат.