Алмазбек Атамбаев премьер-министр Темир Сариев баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештеги ант берүү аземинде бир катар билдирүүлөрдү жасады. Ал ишке чыкпаган эл өкүлдөрүн сынга алып, парламентти куру популисттик мыйзамдарды кабыл алуудан оолак болууга чакырды.
Атамбаев шайлоо салыштырмалуу таза өткөнү менен парламенттеги аялдардын, улуттук азчылыктардын квотасы сакталбаганына кейип, муну капчыктуулардын мыйзамдарды буйтап өткөнү менен байланыштырды.
Президент өз ыйгарым укуктарын чектейби?
Өлкө башчысы Кыргызстан толугу менен парламенттик башкаруу системасына өтүүгө мезгил келгенин баса белгиледи. Анын пикиринде, эгер эл 2017-жылкы президенттик шайлоодо да акчага алдана турган болсо, анда бийлик бир олигархтын колуна өтүп кетиши толук мүмкүн.
- Президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүү керек. Болбосо элдин убал-сообуна калышыбыз мүмкүн. Биз парламенттик башкаруудабыз деп жатабыз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эле бир бутубуз менен президенттик, бир бутубуз менен парламенттик башкаруу системасында жашап келатабыз. Бул маселени парламент жакшылап талдап, анан элдин тандоосуна коюшу керек.
Атамбаев Кыргызстан учурда жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгып, Борбор Азия чөлкөмүндө эң эркин мамлекет катары өнүгүүгө өрүш алганын бүгүнкү бийликтин ийгилиги катары баалады. Ал ишке киришкен парламенттин алдында Кумтөр сыяктуу ири экономикалык маселелер турганын, популизмге убакыт жок экенин эскертти.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков президенттин Жогорку Кеңештин дарегине айткан сындары орундуу деп эсептейт. Ал президент кыйыткан Баш мыйзамды өзгөртүү тилеги референдум аркылуу президенттик шайлоого чейин эл тандоосуна коюлушу мүмкүндүгүн айтууда.
- Бул маселени дагы ойлонушубуз керек. Бирок референдумдун датасы кийинки жылга белгилениши мүмкүн. Анткени 2017-жылга чейин өлкө бир жолду тандашы керек. Эгер толук парламенттик жолду тандасак, президенттик шайлоого чейин чечип алышыбыз керек.
Буга чейин айрым оппозициячыл саясатчылар Атамбаев өз ыйгарым укуктарын кеңейтип, президенттик башкарууну күчтөп жатат деп сындап келишкен. Алардын бири Өмүрбек Абдрахмановго президенттин бүгүнкү билдирүүсү майдай эле жаккан.
- Биз толук парламенттик башкарууга өтмөйүн ишибиз оңолбойт. Баш мыйзамды өзгөртүүгө колдон келген жардамыбызды беребиз. Учурда президенттик өлкөлөрдүн көбү артка кетти. Парламенттик башкаруудагы өлкөлөр атаандаштык негизде эчак алдыга кетишкен.
“Атамбаев мураскерин парламент аркылуу дайындайт”
Деген менен президенттин Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сунушуна каршы чыккандар да жок эмес. Саясатчы Эдил Байсалов эгер келерки президентти парламент шайласа, ал Атамбаевдин түздөн-түз мураскери болушу мүмкүн деген ойдо.
- Президент кийинки шайлоодо ал көрсөткөн мураскер эл ишенимине ээ боло албасына көзү жетти. Анткени парламенттик шайлоодо өзү кошо чуркап жүрүп КСДП болгону 27% добуш алды. Президент, менимче, элдин тандоо укугун чектеп, парламент аркылуу мураскерин калтыруу аракетин көрүп жатат. Анткени азыркы Жогорку Кеңеш анын айтканын кылат. Кыргыз эли мындайга жол бербеши керек.
Кыргызстанда кагаз жүзүндө парламенттик башкаруу болгону менен иш жүзүндө аралаш башкаруу системасы өкүм сүрүүдө. Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн жалпы элдик референдум өткөрүүгө туура келет. Анткени 2010-жылы кабыл алынган Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү, толуктоо киргизилбейт деп жазылган. Эгер өлкө толук парламенттик жолду тандаса мамлекет башчысын эл эмес, парламент шайлайт.