Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Кремль: Мисирдеги учак кырсыгынын себебин айтуу али эрте


Кремль Мисирдин Синай жарым аралында кыйраган учак тууралуу расмий иликтөө аяктамайынча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эрте экенин билдирди.

Орусия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонддун Орусиянын учагына жарылуучу зат коюлган болушу ыктымал деген билдирүүсүнө расмий жооп кайтарып:

-Биз муну мурда да айтканбыз. Азыр да кайталайбыз, окуяга эмне себеп болгонун расмий иликтөө аяктаганда гана жарыялайбыз. Изилдеп жаткандардан теракт боюнча азырынча эч кандай маалымат түшө элек. Ушул сыяктуу текшерилбеген маалыматтар ар кандай имиштерге жол ачышы ыктымал, - деди.

Кечээ Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонд:

-Бүгүн кечинде премьер-министрдин кабинети дагы бир жыйынга чогулуп, Орусиянын апта соңунда Синайда кыйраган учагы тууралуу бардык булактардан түшкөн маалыматтарды карап чыктык. Натыйжада, биз учак кырсыгына анын ичиндеги жардыруучу зат себеп болушу мүмкүн деген тыянак чыгардык, - деген эле.

Учак Мисирдин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан. Кыйроодон 224 адам набыт болду. Жакындары тааныган маркумдардын сөөгү жерге берилди. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Орусиялык жана мисирлик адистер учакты кыйроого алып келген жагдайларды иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG