Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:46

"Беш акын" TV долбоорунда "Азаттыктын" кабарчысы жеңди


ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук 1-канал биргеликте ишке ашырып жаткан "Беш акын" теледолбоорунун үчүнчү, төртүнчү айлампасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралу "Азаттыкка" Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди. Адабий-музыкалуу кечеде бир муундагы беш жазма акын калыстар тобуна экиден өз ырларын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалып, өздөрүнүн ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Талапкерлер кагаз алып калыстар тобунун суроолоруна жооп берет. Үчүнчү айлампада 60-70-жылдар аралыгында жарык дүйнөгө келген акындар Жедигер Саалаев, Жыпара Исабаева, Атантай Акбартегин, Алтынай Темирова, Олжобай Шакир ат салышты. Биринчи орунга Атантай Акбартегин ээ болду. Төртүнчү айлампада 70-80-жылкы муундаштар Аида Эгембердиева, Назгүл Осмонова, Рыспай Исаков, Элдар Аттокуров, Зайырбек Ажыматов таймашып, калыстар тобунун жыйынтыгы менен "Азаттыктын" кабарчысы Зайырбек Ажыматов биринчи орунга ээ болду.

Буга чейин "Беш акын" долбоорунда 40-50-жылкы муундагы акындар арасынан Анатай Өмүрканов, 50-60-жылкылардан Карбалас Бакиров утуп чыккан. Эми кезекте 80-90-жыл ортосунда төрөлгөн жаш акындар таймашып, долбоор декабрь айында жыйынтыкталат. Долбоор кийинки жылдары түрк тилдүү башка өлкөлөрдө уланат. (ZA/KE)

XS
SM
MD
LG