Линктер
Мазмунга өтүңүз
Навигацияга өтүңүз
Издөөгө салыңыз
Жаңылыктар
Кыргызстан
Кыргызстан
Саясат
Экономика
маданият
Дүйнө
Дүйнө
Борбор Азия
Украина
Атайын иликтөө
ТВ программалар
Бүгүн Азаттыкта
Эксперттер талдайт
Биз жана дүйнө
Данисте
Эже-сиңдилер
Азаттык+
Ыңгайсыз суроолор
Подкаст
Өзгөчө пикир
Русский
Онлайн шерине
ЭЕ/АРнун бардык сайттары
Издөө
РУС
Эфир
Эфир
Издөө
Артка
Алдыга
ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29
Тарых жана тагдыр
Кошой-Коргон туристтерди күтөт
5-Ноябрь, 2015
Мирлан Кадыров
Ат-Башы районундагы байыркы чеп катары белгилүү Кошой-Коргондун жанындагы тарыхый-маданий музейдин ачылганына сегиз жыл болду. Туристтик аймакка айландырабыз деген дымак менен курулган бул менчик музейдин азыркы абалы чеке жылытпайт.
1
Шаар урандысынын жанындагы тарыхый-маданий музей мындан сегиз жыл мурун ачылган.
2
Музейди ачуу демилгесин жеке ишкер Аскар Салымбеков көтөрүп, чыгымын толугу менен колуна алып, өзүнүн менчиги катары курулган экен. Андан бери музейде бир гана киши иштейт.
3
Музейдеги сүрөт галерея
4
Бул музейди экспонаттарга бай деп айтууга болбойт.
5
Музейдин 2-кабатында боз үйдүн жабуулары бар.
6
Музейде негизинен Кошой-Коргонго тиешелүү археологиялык табылгалар коюлган.
7
Кошой-Коргон музейине кирүү акысы жергиликтүүлөр үчүн 20 сом болсо, чет элдик жарандарга 200 сом.
8
Музейдин башчысы Талант Мамбеталиев күнүгө таң эрте келип, музейдин айланасын тазалап, конок камын көрүп, көз байланганда кетет. Музей менчик болгондуктан, ал айлык албай иштейт.
9
Коргондун тегерек-чекесинен бирин-серин идиштердин калдыгы кокусунан табылып калганы болбосо, эгемендик алгандан бери эч кандай казуу-изилдөө иштери жүргөн эмес.
10
11
Кошой-Коргондун болжолдуу алгачкы көрүнүшү.
12
Коргондун жанында шаар болгон деген уламыштар бар.
13
Музейде “Манас” эпосунун негизинде тартылган сүрөттөр коюлган.
14
Музей ачылганда жергиликтүүлөр колунан келген жардамын аяшкан эмес.
15
Талант бул жерде музей ачылгандан бери жалгыз иштейт. Ал өзүм директор, өзүм кароолчу, гид-таныштыруучу жада калса пол жуугуч да өзүм болом дейт. Музейге мамлекет көңүл буруп, иш орундарын түзүп берсе, музейдин шарты жакшырат беле дейт.
16
музей ачылганга чейин жалпы 9 гектарга чукул аянты ээлеген Кошой-Коргон тарыхый эстелиги эч кандай корука алынган эмес. 2009-жылы гана терегек чекеси зым менен тосулуп, мал киргизилбей калган.
17
Дубалдарынын жана сепилдердин айрым жерлеринде кийинки ремонт иштеринин издери жана жоон жыгачтардын калдыктары сакталып калган.
18
Коргондун ичиндеги бадалдарды келген коноктор мазарга айлантып алышкан.
19
Коргондун дубалдары, ошондой эле сепилдери чоң-чоң топурак блоктордон жана узун кыштан салынган. Дубалдын түп жагынан калыңдыгы 7-9 метр, улам жогору жагы ичкерип, 8 метрге жеткен жердеги калыңдыгы 3-4 метр болот.
20
Шаар 245-250 метр келген төрт бурчтук форманы ээлеп жатат. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 4-8 метр.
Дагы жүктөңүз
Мирлан Кадыров
"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
КАРАҢЫЗ
Жазылыңыз
Кошой-Коргон туристтерди күтөт
Сунуш кылынган арга.
Бишкекте адамды сүзүп алган айдоочу, “Тез жардамды” коштоп баратып өзү да каза болду
Back to top
XS
SM
MD
LG