Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:03

Жапония менен Түркмөнстан 18 млрд. долларлык келишимге кол коюшту


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Түркмөнстанга иш сапары менен барып, эки өлкө ортосунда 18 миллиард долларлык келишимге кол коюлду.

Энергетика жана инфраструктура багытындагы келишимдер алкагында табигый газ, химиялык сектор боюнча кызматташтык болору белгиленди.

Абэ Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушту.​

Japan Times гезитинин маалымдоосу боюнча Абэ Түркмөнстанга иш сапар менен барган алгачкы жапон өкмөт башчысы. Эксперттер анын бул иш сапары табигый ресурстарга бай чөлкөмдө Кытайдын таасири күчөп кетүүсүнөн улам кабыл алынган саясий чечим экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG