Ушу тапта Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында митинг өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, миңдей жергиликтүү тургун төөбуурчактын баасы арзандап кеткенине нааразылыгын айтып жатат. Таласта ушул тапта тазаланган төөбуурчактын бир килограммы 35 сомдон, ал эми таза эмеси 25 сомдон сатылууда. Мурдагы жылдары 100 сомго чейин жеткен болчу.
Таластыктар төөбуурчактын баасына нааразы

1
Кара-Буурада төөбуурчактын арзандыгына нааразылар митингге чыкты

2
Төөбуурчактын баасы мурдагы жылдары 100 сомго чейин жеткен болчу.

3
Таласта ушул тапта тазаланган төөбуурчактын бир килограммы 35, ал эми таза эмеси 25 сомдон сатылууда.

4
Акцияга чыккандар менен жолугушууга облус жана район жетекчилиги барды.

5
Дыйкандар нааразычылыктарын айтышууда