Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну Бурулуш Жаманбаева сегиз жылдан бери кийизден кадимки үй ичине кийүүчү кепич жасайт. Анын башкалардан айырмачылыгы баштан-аяк колго жасалган. Баасы 650 сом. Башка чыгымдарын алып салганда 200 сом нак пайда түшөт. Бут кийимдин кардарлары көбүнесе чет өлкөлүк туристтер.