Парламенттик шайлоону көзөмөлдөө үчүн Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинен байкоочулар 28-сентябрда Бишкекке келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКдан маалымдашты.
КМШ байкоочулар миссиясы Кыргызстандагы шайлоолорго такай көз салып келет.
4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого эл аралык уюмдардан 600 байкоочу көз салат. Андан тышкары жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан жана саясий партиялардан да байкоочулар катышат.(ZKo)