Парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны такталып бүттү. Тизмеге 2 миллион 757 миң 826 жаран киргизилди. Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ош шаарында журналисттерге уюштурулган брифинг учурунда айтып, тизмени тактоо иштери бүгүн аяктаганын жарыялады.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда.
Добуш берүүгө биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана катыша алышат. (SE\ErN)