Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Исаков: Мергенбаевдин камалышына тиешем жок


Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Эркинбек Мергенбаевдин камакка алынганы тууралуу интернеттен гана кабардар болгонун “Азаттыкка” билдирди:

- Мен деле интернеттен окудум. Териштирүүлөргө эч кандай тиешем жок.

Коррупцияга каршы “Акыйкат” кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаевге Кылмыш кодексинин 204-беренеси (берилген мүлктү жок кылуу, өзүнө ыйгарып алуу) менен иш козголуп, 21-сентябрда кармалган. 22-сентябрда ал өкмөт алдындагы Жемкорлук менен күрөш кеңешинде баяндама жасамак болчу. Мергенбаевдин тарапкерлери анын камалышын бийликтин жоопкерчиликти бир кишиге оодаруу аракети деп баалашууда.

Эркинбек Мергенбаевге тиешелүү ишкана Чолпон-Атадагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн ат майдандын курулушун жүргүзгөн. Алгач ага курулуштун чыгымын ашыкча көрсөткөн деген айып тагылып, кийин ал иш токтотулган. Эми ат майдандагы отургучтарды Кытайдан аткезчилик жолу менен алып келген деген айып коюлууда. Эркинбек Мергенбаев буга чейин ат майданынын курулушуна жетпей калган 11 млн. сомун өз чөнтөгүнөн бергенин белгилеп, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков учурунда “акчаны иш бүткөндөн кийин беребиз” деп бербей койгонун айтып чыккан. Сапар Исаков муну “курулай доомат” деп бекемдеп келет. (AzK/ZKo)

XS
SM
MD
LG