Табиятынын керемети жана бейкуттугу менен чет элдик туристтердин көпчүлүгүнүн сүймөнчүгүнө айланган Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте Тянь - Шань тоолорунун арасында жайгашкан. Эскиден мал карап күн көргөн жергиликтүүлөр акыркы жылдары жайлоонун туристтик дараметин дагы пайдаланып, эл аралык деңгээлде конок күтүүнү өздөштүрүүдө.
Соң-Көлдүн керемети...

1

2
Тоо боорун аралап чыккан айланма жол автострада сапатында болбосо дагы жайлоого чейин жеңил машине менен барууга мүмкүн.

3
Жайлоонун абасы баланын кыялындай деп айтылгандай ашуунун алдында жамгыр болсо, үстүндө сизди кар күтүүсү толук мүмкүн.

4

5
Биздин багыбызга жайлоого жетип жетпей күн ачылып, Соң-Көл бизди жакшы маанайда тосуп алды.

6

7

8

9
Төрт түлүк кармабаган тоолуктар турист кармашат.

10
Көчмөндөрдүн жашоосун көргөнү келген туристтер кадимки боз үйлөрдө жатышат.

11

12

13

14

15
Эс алуучуларды тейлөөдө ата-энесине жардам берген Бегимай бош убактысында планшет карап, англис тилин үйрөнөт.

16
Июнь айынан сентябрь айынын аягына чейин Соң-Көлдөн АКШ, Англия, Франция, Германия, Малайзия жана башка чет өлкөлөрдөн келген туристтерди жолуктурууга болот.

17
Чет элдик туристтерге гид кызматын көрсөткөн Канат өз сүйүүсүн дал ушул туристтердин арасынан тапкан. АКШнын Пенсильвания штатынан келген Оливия экөө тоо арасынан таанышып, кол кармашкан.

18

19

20
Уюлдук байланыш айрым гана жерлерде жеткиликтүү. Антеннанын сигналы табылган жерге телефонбектилип бир жерден жылбай сүйлошүү керек.