Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Милиция Аравандагы окуя тууралуу кабарды төгүндөдү


“Араванда баласы атасын өрттөп жибергени” тууралуу интернетте тараган кабарды Ош облустук Ички иштер башкармалыгы төгүндөдү. 28-августта чыккан маалыматта шайлоого КСДП тизмесинде алтынчы болуп бараткан Илхом Мананов жергиликтүү тургун Дилмурат Мадрахимовду кайсы бир жерге чакырып, уюшма кылмыштуу топ мүчөлөрүнө салып бергени айтылат. Буга Дилмураттын атасы Мурадил Мадрахимов жеке менчик дүкөнүн “Ата Мекен” партиясына штаб кылуу үчүн бергени себеп болгону белгиленген. Уюшма кылмыш топ мүчөлөрүнүн коркутуусуна кабылган Дилмурат атасын өрттөп жибергени кошумчаланат.

Ош милициясы билдиргендей, күч кызматкерлери өрттөлгөнү айтылган Мурадил Мадрахимовдун үйүнө барып, иликтөө жүргүздү. Ал 24-августта мончодо жуунуп жатып, кайнак сууга күйүп калганын, ооруканада каза болгонун туугандары билдиришкен. Шайлоого КСДП тизмесинде бараткан Илхом Мананов аларга жакын тууган экендигин, туура эмес маалымат тараткандарды сотко беришерин айтышкан.

Кабарларга караганда, маркум Мурадил Мадрахимовдун уулунун аты Дилмурат эмес, Дилшод болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG