Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:17

Лукашенко алты туткунга ырайым кылды


Беларус президентти Александр Лукашенко мурда оппозициядан президенттикке талапкер болгон Николай Статкевичке жана андан башка беш саясий туткунга кечирим кылды.

Президенттин пресс-кызматы президент принциптеринен чыгып айкөлдүк менен Николай Дедка, Игор Олиневич, Николай Статкевич, Евгений Васькович, Артем Прокопенко, Юрия Рубцоваларды бошотуу чечимин чыгарды деп билдирди. Булар эл аралык укук коргоочулар тарабынан "ынсап туткундары" деп таанылгандарды болчу.

Статкевичтин аялы Марина Адамович “Хартия 97" сайтына күйөөсү боштондукка чыкканын билдирген.

Президенттике талапкер болгон Николай Статкевич 2010-жылы 19-декабрда кармалып, башаламандык уюштурган деген кине менен алты жылга эркинен ажыратылган. Статкевич сот системасына нааразы болуп, тагылган айыпты моюнуна алган эмес.

Бошотулгандардын арасында саясий активист Юрий Рубцов ошол кездеги оппозициянын митингдерине “Лукашенко, кет!” деген майка кийип чыкканы менен белгилүү. Бошотууларга Минскинин Батыш менен мамилесин жакшыртуусу түрткү болгон. Өлкөдө ушул жылдын 11-октябрында президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG