Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Юруслан Тойчубековго эл аралык издөө жарыяланды


Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековго интерпол аркылуу издөө салынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

66 жаштагы Тойчубеков коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча шектелип келет. ИИМ ага июндун соңунда өлкө ичинде издөө жарыялаган.

Юруслан Тойчубеков “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. салык түшпөй калган деп айыпталууда. (UEz)

XS
SM
MD
LG