Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Өкмөт кыргыз-казак чегиндеги тыгын маселесин чечүүнү тездетет


Өкмөт башчы Темир Сариев Экономика министри Олег Панкратовду кабыл алып, кыргыз-казак чегиндеги абалды жөңгө салууну тездетүүнү тапшырды. Кыргызстан ЕАЭБге кирген 12-августтан баштап, казак-кыргыз өткөрмө бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн жана автоунаалардын көптүгүнөн тыгындар пайда болгон. Соодагерлер казак тарап бажы тосмосун албаганын, текшерүү мурдагыдан да күчөгөнүн айтышкан.

Өкмөт мындан улам маселени жеринде чече турган оперативдик штаб түзгөн. Штабды Экономика министри Олег Панкратов жетектеп, ага чек ара, бажы, салык кызматтарынын өкүлдөрү киришкен.

Кыргызстан ЕАЭБге 12-августта толук мүчө болуп өткөн. Бул күндөн тарта казак-кыргыз чегиндеги бажы тосмолору алынып, эки тарапка жүк ташуу ээн-эркин болору айтылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG