Улуттук жазуучулар бирлигинин төрага орун басары, акын Тынчтыкбек Нурмамбетовдун белгилешинче, Мариям Буларкиеванын атын атаганда кыргыз поэзиясына андан мурдараак келген бир муун аялзат катары эске келет. Бул муунга алгачкылардан болуп Нуркамал Жетикашкаева, Сатин Абдыкеримова, Тенти Адышева өз издерин калтырса, элүүнчү жылдардын аягында Мариям Буларкиева, Майрамкан Абылкасымова, Гүлсайра Момунова сыяктуу акын кыздардын экинчи тобу келген:
- Мариям Буларкиеванын чыгармачылыгына баам салсак, кызыл чоктой учуп, оттой жанып, ташты эзген тамчыдай ыр саптарын жазып, “ичим жаман туз куйгандай ачышат, бирге жүргөн курбуларды эстесем” деген сыяктуу обондуу ырлары угармандардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Бул ырды жазганда Мариям эже болгону 21 жашта экен. Ал дал ушул куракта жогорку окуу жайын бүтүптүр. Дал ушул курагында биринчи китеби чыгыптыр. Ал кезекте 21 жашында СССР жазуучулар бирлигине мүчө болуу деген чоң кадыр-барк эле. Ошол курагында китептери элге тез тарап, акын катары баркталып калган экен.
Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун баамында, Мариям Буларкиева жеке эле кыздар поэзиясында эмес, жалпы улуттук адабиятта өзүнүн олуттуу орду бар акын:
- Мен кыргыз аял акын-жазуучуларын бүт карап чыктым. Буларкиеванын “Кандай сонун студенттик күндөр ай" деген ыры биз окуп жүргөн элүүнчү жылдардын аягында ошол кездеги жаштардын гимни болуп калган. Бу кишиден мурда эки эле аял киши: Нуркамал Жетишкашкаева менен Сатин Абдыкеримова 1946-жылы СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган экен. Андан кийин эле Мариям Буларкиева 1958-жылы мүчө болгон. Чынында эле ага татыктуу экен. Себеби анын ырлары аялдар поэзиясында эле эмес, жалпы улуттук адабиятта классиктердин бири болгон.
М. Абакиров М. Буларкиева өмүрүн сыйлык, наамдарга кызыкпай жашап өткөнүн, массалык маалымат каражаттарына барып ар кандай маек берип коомчулуктун көңүл борборунда жүргөндү жактырбаганын, ошондуктан кийинки муун анын зобололуу акын экенин билбей калганын кошумчалады.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова секелек кезден жетелешип, поэзия мухитинде бирге сүзгөн кең пейил, жароокер курдашын минтип эскерди:
- Мариям онунчуну бүтүп, университетке кирем деп жүргөн кезде мен Кыз-келиндер институна өтүп калган элем. Ошол кезде экөөбүздүн ырларыбыз “Ленинчил жаш” гезитине чыгып калып, ал мени таанышуу үчүн издеп келиптир. Таанышкандан баштап экөөбүз курбу болуп жүрдүк. Ушул убакка чейин жаңы жазган ырларыбызды бири-бирибизге окуп берчүбүз. Ал биринчи жолу жарык көргөн “Тамчы” аттуу китеби менен катуу чыкты. Жакында эле өлөрүн билгендей мага телефон чалып эки куплет ыр окуп берген. Мен аны жазып калдым эле. Ошону окуп берейин:
Ойлоп көрсөм жашоо жолу табышмак,
Турмуш өзү карап көрөр калыстап.
Же жүрөрбүз өмүр бою сыйлашып,
Же кетербиз кол шилтешип алыстап.
Көңүл чөгөт эстеп күндүн батарын.
Адамдардын аз мезгилге жашарын.
Сезип кээде селт дей түшөм эстесем,
Эртең сенден четтеп калат катарым, - дейт.
Маркум акын “Тамчы”, “Памир гүлдөрү”, “Мээрим”, “Эненин сүйүүсү”, “Өмүр жазы” аттуу китептери баштаган он төрт ыр жыйнак чыгарып, анын төрт китеби он жети тилге которулган.
Мариям Буларкиева 1937-жылы Талас районундагы Козучак айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, кийинчерээк Москвадагы М. Горький атындагы адабий институтун бүтүргөн. Акындын сөөгү Аламүдүн районуна караштуу Салкын-Төр айылында жерге берилди. .