Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Молдовада кармалган тажик оппозициячысы Собир Валиев бир жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын алганын аныктады. Анын кармалышынын себептери такталууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.
С. Валиев Кишинев аркылуу Стамбулга учканы жаткан жеринен 11-августта кармалган. Ал тажик бийлигинин расмий билдирүүсүнө байланыштуу колго түшкөн.
27 жаштагы Собир Валиев оппозициялык "Группа 24" тобунун жетекчиси Умарали Куватов каза болгондон кийинки жаңы башчы Шарофиддин Гадоевдин орун басары. 47 жаштагы Умарали Куватовду быйыл жазында Стамбулда белгисиз адам атып кеткен.
Куватов бийлик менен мамилеси бузулган соң 2012-жылы өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Мындан соң “Группа 24” аттуу оппозициялык уюм түзгөн. Тажик бийлиги аталган топту экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салган. (SE)