Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:29

Кесиптик кошуундар: эмгек кодекси өзгөрбөсүн


Бишкекте эмгек кодексин өзгөртүүгө каршы митинг болуп өттү. Акция учурунда сөз сүйлөгөн Тоо-кенчилер кесиптик кошуунунун төрагасы Элдар Тажибаев кодекстеги өзгөрүүлөр өлкөдөгү 90 пайыз ар тармактагы жумушчуларга терс таасирин тийгизээрин билдирди.

"Мыйзам жумуш берүүчүлөргө кол алдындагыларды ар кандай себеп менен жумуштан кетирүүгө жол берет жана эмгек акыны кайтарып берүү мөөнөтүн дагы чектейт" – деди Тажибаев. Буга чейин тегерек столдо профсоюз кызматкерлеринин сунуштары эске алынбай келгендиктен, митингге чыккандар өкмөттөн мыйзамды чакыртып алуу талабын коюшту.

Нааразычылык акциясына чыккандарга экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев чыгып, сунушталып жаткан мыйзам жумуш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын укуктарын теңөөгө багытталганын айтты. Ушундай норма эл аралык мыйзамдарга шайкеш келээрин айткан министрдин орун басары мыйзамга сунуш пикирлер дагы деле түшүп жатканын билдирди.

Учурда Кыргызстанда 2004-жылы кабыл алынган эмгек кодекси иштеп келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG