Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Түркмөнстан: "Газпром" газдын акысын төлөбөй жатат


"Газпромдун" башчысы Алексей Миллер
"Газпромдун" башчысы Алексей Миллер

Расмий Ашхабад Орусиянын өкмөттүк “Газпром” компаниясын жыл башынан бери газ акысын төлөбөдү деп күнөөлөдү. Түркмөнстандын мунай жана газ министрлиги 8-июлдагы билдирүүсүндө анын себебин “дүйнөлүк кризистин уланып жатканы жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген экономикалык санкцияларга байланыштуу” деп түшүндүрдү.

“Гапзпром” окуяга түшүндүрмө бере элек. Акыркы жылдары “Газпром” жылына Түркмөнстандан 10-11 миллиард куб метр көгүлтүр отун сатып алып жатты. Түркмөнстан азыр Кытайдын эң чоң газ камсыздоочусу.

XS
SM
MD
LG