Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Салык кызматы: патент системасы жоюлат


Салык кызматы быйыл 50 млрд. сом чогултууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов билдирди. Бул көрсөткүч 20 жыл мурдагыга салыштырмалуу 25 эсе көп. Соңку беш айда салыкчылар 18 млрд. 382 млн. сом чогулта алышты. Осмонов бул өткөн жылга салыштырмалуу 16 пайызга көп экенин кошумчалады.

Салык кызматынан билдиргендей, патенттик системаны да акырындык менен жоюу каралууда. Буга чейин ишмердиктин 121 түрүнө патент берилсе, азыр алардын саны 80ге кыскарды. "Натыйжада этап менен ишкерлер толук салыктык режимге өтөт", - деди Замирбек Осмонов.

Бүгүн салыкчылардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Кызматтын 25 жылдыгына карата Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда майрамдык салтанат өттү. (SJu)

XS
SM
MD
LG