Чүй талаасы
Үмүтү үлбүрөгөн дыйкандар
Кыргызстандын Экономика министрлигинин акыркы билдирүүлөрүнө караганда, Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараяны эки жылга созулушу мүмкүн. Бул аралыкта биримдикке кирсек Казакстан менен Орусияга түшүмдөрүбузду сатып марыйбыз деп үмүт арткан дыйкандар быйыл тышка сата албай, жашылча-жемиштин баасы түшүп жатканын айтып кабатыр болууда. Кабарчыбыз Чүй облусунун дыйкан талааларын кыдырып келди.