Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Ак үйгө бомба коюлганы тууралуу маалымат калп болуп чыкты


АКШнын атайын кызматы шейшемби күнү журналисттер үчүн Ак үйдө уюштурулган брифингди токтотуп, аларды коопсуз аймакка эвакуациялады. Буга белгисиз кишинин имаратка бомба орнотулганы тууралуу телефондон айткан маалыматы негиз болгон.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест Барак Обама жана анын үй-бүлөсү эч жака кетпегенин, имараттын жанындагы резиденцияда калганын билдирди. Адистер текшерүү иштерин жүргүзүп, баары жайында экенин аныкташкан соң журналисттер кайра Ак үйгө киргизилген.

Андан мурдараак АКШ конгресси жыйын куруучу Капитолийге да бомба орнотулганы тууралуу телефон аркылуу белгисиз адам кабарлаган. Бирок жардыргыч зат табылган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG