Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулуктун 1100дөн ашуун учуру катталган. Алардын 70 пайыздан ашууну күч колдонуу же урап-сабоо. Укук коргоочулар бөтөн эмес, жакын адамдарынан, күйөөсүнөн токмок жеген аялдар азайбай жатканына тынчсызданууда.
33 жаштагы Нурипаны алгач көргөндө алда канча улуу деп ойлошот. Көздөрү муңайым, маңдайында бир-эки тырыгы бар, тиши түшкөн айым абалын түшүндүрүп отурса жанында киши чыдап отура албайт. 11 жылдык үй-бүлөлүк турмуштун 7 жылын токмок жеп, ызы-чуу менен өткөрүп келатам деген биздин маектеш Бишкекке Ноокаттан келген.
Үч баланын энеси Нурипа “Сезим” кризистик борборуна келип калган шартын айтып көз жашын төктү.
- Күйөөм кызганычтын айынан ушундай абалга жеткирди. Мен дайыма токмок жеп үйдө калчумун. Денемден көгүм кеткенче үйдөн чыгарчу эмес. Бул жолу качып чыгып кеткен үчүн ушул жакка келип кайрылдым. Барар жерим деле бар. Бирок күйөөм мен барган жердин бардыгына тынчтык бербейт, аларды да сабайт, кол көтөрөт. Биз жакшы эле тойго барабыз, келгенде дайыма сабайт. Көрүнгөнгө мени "карыз алып эле басып жүрөт" деп жамандай берет. Башка аял издеп жатканын айтат. Мурда деле көп кордук көргөм, бирок мунусунда чыдай албадым. Ал менден эч качан кечирим сурабайт. Ар бир урган сайын балдарым үчүн өзүм кечирим сурап жашап келгем. "Чөгөлөп, тиземден өөп кечирим сура" дечү, мен ошентчүмүн.
Нурипанын балдарынын улуусу 10, ортончусу 6, кичүүсү 3 жашта. Учурда алар атасы менен калган.
- Балдарга тийбейт. Дайыма сабаганда балдарды уктатып, эшик-терезелерди жаап, телевизордун үнүн көбөйтүп туруп урат. Мени маңдайына отургузуп алып чачыман сүйрөйт, тизеси менен бетке тепкилейт, чачыман бакка байлап алып сабайт. Эмчегиме чапкылайт. Өзү ичпейт, чекпейт. Конокко барганда бирөө күлүп учурашып койсо деле ошого жармаштырат. Үйгө күйөө балам, жездем келсе деле ошолорго жармаштырат. Декабрда дагы ошентип эжем-жездемдикине качып баргам. Артымдан барып алардын эшигин талкалап, жездемди, эжемди, кызын, мени кошуп сабап алып келген. Ошондо бакка байлап таң атканча сабаган.
Соңку уруш дагы ушундай эле кызганычтан чыгыптыр. Сиңдисин, күйөө баласын конокко чакырган Нурипа соңунда көк-ала койдой болуп сабалам деп күтпөсө керек.
- Акыркы жолу деле сиңдим менен күйөө баламды конокко чакырып, үйгө ээрчитип келген. Алар уктагандан кийин эшикке чыгарып алып "сен өткөндө айылга барганда классташ балаң менен болупсуң" деп сабады. Сиңдим үйдө болгон үчүн гана мени алып чыгып кетти. Болбосо көгүм тараганча үйдөн чыгарчу эмес.
Нурипа ур-токмоктун айынан ооруканага да түшкөн учурлары болгонун айтат. Бирок ошондо да каралашпай, өзү эптеп дарыланып чыккан экен.
- Буга чейин "уят болот, балдар үчүн жаша, урганы эле болбосо башкасынын баары жакшы экен" деп айтышканынан чыдап жашап келдим. Мен чыдай албай койдум... Балдарым үчүн деп жашагам, алардан баш тартпайм, бирок аларды багып, бутума турганга бир аз убакыт керек. Азыр алып кетсем үч балам менен каякка барам, кимге батам... Кичүү балам беш айлык кезинде күйөөм уктап калып, анын жаш келин менен жазышкан СМСин окуп калдым. Ошондо мен чын эле аябай жиним келип, күйөөмдү ойготуп, "мен үч бала төрөп берсем да мага ушудай сөздөрдү айтпайсың, таанышканыңа бир ай болгон келинге айтасың" деп ыза болгом. Ошондо "телефонумду эмне кармайсың" деп сабаган. Үч күн үйгө камап койгон. Биринчи урушубуз ушундан башталган. Бетим көк-аладан көрүнбөй, таанылбай калган.
Былтыр башымды бычак менен сайып, ооруканага жатып чыккам. Анда да эч каралашкан эмес. Бир кемпирди карап жатып, ошол берген акчага дарыланып чыккам. Акчаны жакшы эле табат, балдарды жакшы көрөт. Бир гана кызганычтын айынан ушундайбыз. Тууган-уруктун той, жамандык-жакшылыгы болуп калса өзүң таап бар дейт. Мен ар кимден сурап, бирок кийин иштеп таап берем. Бирок күйөөм ошону бердирбегенге аракет кылып, дайыма мени ушундай абалда калтырат.
"Ишенген кожом сен болсоң..."
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл төрт айда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 1 137 учур катталган. Алардын 800гө жакыны күйөөлөрү күч колдонгону үчүн милицияга арызданышкан. Жалпысынан 94 иш ачылып, 700дөн ашуун киши административдик жоопкерчиликке тартылган. Үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары мындан алда канча көп болушу мүмкүн экени белгиленип жүрөт. Анткени менталитеттен улам Нурипа сыяктуу балдар үчүн деп баарына чыдап, жашоосун уланткандар арбын. Бирок милиция да кайдыгер карап, арызды кабыл албайт деп даттанды Нурипа.
- Арыз жазганы барсак милиция кызматкерлери "аял деген токмок жеш керек, катындар көзү көгөрсө эле келе берет, андан эч нерсе болбойт" деп кайра бизди кызыктай абалда калтырды. Биз ЗАГСка турган эмеспиз. Туугандар сураса күйөөм “бул мага 15 жыл чыдаса, анан мен баш ийип берем, дагы беш жыл калды” дечү. Мен ага чейин чыдай албадым...
Көп учурда элдешип алуу, тууган-урукту, аксакалдарды ортого салуу аркылуу бул маселе милиция жетпей, жеткендери тосмо арыз менен чечилип келет. ИИМдин өкүлү Таалай Алижанов милиция кандай болгон шартта да арызды кабыл алууга милдеттүү экенин билдирди.
- Эгер андай учур болсо, башка аймактарда милиция кызматкерлери арызды албай койсо бизге кайрылсын. Ал арызды кабыл алганга милдеттүү. Аялын урган эркектер эгер бул факт далилденсе, бардык тастыктамалардан кийин кылмыш жоопкерчилигине да тартылат. Административдик жаза каралган. Айып пул төлөйт же мүмкүнчүлүгү болбогондор беш күнгө түрмөгө камалат.
Сабалгандардын саны азайган жок
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин белгилешинче, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында иштеген 550 борбор бар. Анткен менен аялдарды кыйын учурда кабыл алып, психологиялык, укуктук жардам көрсөткөн саналуу гана кризистик борбор иш алып барат. Алардын бири - “Сезим”. Анда "кызыл камчы" күйөөсүнө чыдабай, өлкөнүн туш тарабынан качып келген кыз-келиндердин аягы үзүлбөйт.
Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жакындарынан, өзгөчө жеңилин жерден, оорун колдон алып, өмүр бою бирге болууга убадалашкан күйөөлөрүнөн таяк жеген учурлар азайбай жатканын белгилейт.
- Бул жалпы коомдо ыймандын кеткени, же Кудайга, же мыйзамга ишенбей жаткандан болуп атат. Баары эле эмес, ушундай да адамдар болуп атат. Үй-бүлөдөгү чыр-чатакка жардам берген, алдын алган борборлор аз. Мурда кризистик борборлор жок эле жашашчу, бирок азыр заман башка. Мамлекеттик деңгээлдеги борборлор ачылыш керек. Бизге кайрылгандар соңку учурда азайган жок, көп эле келип атышат.
Кризистик борборлор ассоциациясынын мындан эки жыл мурдагы иликтөөсү боюнча, өлкөдө аялдардын 75 пайызы зордук-зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылат. Укук коргоочулардын белгилешинче, зомбулук көргөн аял да, эркек да чыдамы түгөнгөндө кризистик борборго же милицияга кайрылат. Бул учур бир гана эркек менен аялга эмес, оболу балдарга чоң сокку экенин психологдор белгилеп жүрүшөт.
Американын Стэнфорд университетинин окумуштуусу Жеймс Фэрон жана Оксфорд университетинин профессору Энки Хоффлер аялдар менен балдарга карата өкүмзордук глобалдык экономиканын башкы душманы экенин аныкташкан. Алардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук жарандык согушка караганда казынага алда канча көп чыгым алып келет.