Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:41

Батукаев жазасын өтөгөндөн кийин гана экстрадицияланат


Азис Батукаев
Азис Батукаев

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Азиз Батукаевди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси ал Орусиядагы түрмөдө жазасын өтөп бүткөндөн кийин гана чечилет.

Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Людмила Усманова Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Башкы прокуратурасы Батукаев Орусиядагы жаза мөөнөтүн өтөгөн соң гана Кыргызстанга экстрадицияланышы мүмкүн деп билдирген.

16 жылга кесилген Азиз Батукаевди өткөн жылдын апрелинде “ак кан оорусуна чалдыкты” деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Быйыл Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Нарын шаардык соту мурдагы чечимин жокко чыгарган.

Былтыр Батукаев Түндүк Осетияда кармалып, Владикавказ шаарындагы тергөө абагына камакка алынган. Ага “мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, үч жылга эркинен ажыратылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG