Муну менен дээрлик үч жылга жакын талкууланып келген биримдикке кошулуу маселесине чекит коюлду. Мамлекет башчысы келишимди даярдоодо өлкөнүн бардык кызыкчылыктары эске алынганын белгиледи. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, биримдикке кирүү менен өлкө экономикасы жаңы этапка өттү:
- Бул биримдикке кошулуу Кыргызстанга абдан чоң перспективалык мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Биз муну колдонуп калышыбыз керек. Биримдикке кирүүдө биздин улуттук кызыкчылыктар толугу менен эске алынганына мен терең ишенем. Бирок ошол эле учурда кырдаалдан пайдаланып, “Кыргызстан өз кызыкчылыктарын жоготту, кимдир бирөөгө кошулду же СССРге кайрадан кирди” деп, абалды курчутууга кызыкдар болгондор сөзсүз чыгат. Алар Кыргызстанга жакшылык каалабагандар деп айтаар элем.
Президент кошумчалагандай, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу алды менен Орусия жана Казакстанда эмгектенип жүргөн мигранттар үчүн пайдалуу. Алар уюмга мүчө өлкөлөрдө оңой-олтоң жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле Орусияда “кара тизмеге” кирип калган мигранттарды андан чыгаруу боюнча иштер жүрөрүн Атамбаев убада кылды. Буга кошумча Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жетишкен жеңилдиктер катары президент Кыргызстан бюджетине жалпы бажы төлөмдөрүнөн 1.9% үлүш алынышын, 1 млрд. доллар капиталы бар Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун түзүлүшүн, Орусиядан 200 млн. доллар грант алынышын санады.
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдердин топтомун 20-майда ратификациялаган эле. Эми Евразия экономикалык комиссияга ратификация болгондугун кабарлап, нота жөнөтүлүшү керек. Келишимдер толук кандуу ишке кириши үчүн аны уюмга мүчө төрт өлкө: Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын парламенттери жактырышы зарыл.
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун айтымында, орус парламенти келишимди июндун аягына чейин ратификациялай турганын маалымдады. Элчинин айтымында, Орусиядагы эмгек мигранттарын “кара тизмеден” чыгаруу боюнча да аракеттер көрүлүүдө:
- Бул жаатта иштер жүрүп жатат. Жакында эле 2000 миң адам “кара тизмеден” чыгарылды. Бул багыттагы иштер улантылып, жеңил эреже бузгандар аталган тизмеден чыгарылмакчы. Алар жаман ниет менен деле мындай ишке барган жок. Ошондуктан, Орусиянын Миграция кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошентип дээрлик үч жылдан бери талкууланып келген ири экономикалык бирикмеге кошулуу боюнча ички жол-жоболор толук аяктады. Бирок биримдикке кирүүдө чындыгында эле өлкө кызыкчылыгы эске алындыбы деген суроо актуалдуулугун жогото элек. Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Руслан Акматбек жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар ишкерлерди жаңы сыноолор күтүп турат деген пикирде:
- Албетте, биздин өкмөт, биздин жетекчилер улуттук кызыкчылыктарды коргоого аракет кылды деп эсептейбиз. Бирок ошол эле учурда биримдикке кирүү менен бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, сыноолор күтүп турат. Мында биз өкмөттүн жардамына деле үмүттөнө албайбыз. Жагдай кандай жакка өзгөрбөсүн биз өз күчүбүзгө таянуу менен иш кылууга туура келет.
Ал эми “Кыргызконцепт” ишканасынын президенти, экономист Эмил Үмөталиев болсо бирикмеге кошулуудан соң уюм тышындагы өнөктөштөр экономикалык алаканы солгундатпашы керектигин билдирүүдө:
- Келишимге кол коюлду. Бул мыйзам. Аны аткарышыбыз керек. Бирок ошол эле учурда бул бирикменин келечеги канчалык узак болот билбей турабыз. Ошондуктан, уюмга мүчө өлкөлөр менен эле алаканы жүргүзө бербей, өз экономикабызды диверсификациялап, көз карандылыкка жетүү үчүн башка өлкөлөр менен мамилени жакшырта берүү керек.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2011 - жылы баштаган. Ал эми биримдикке кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол коюлду. Эми өнөктөш өлкөлөрдүн парламенттери келишимди жактырган соң ал толугу менен иштеп, чек аралар ачылмакчы.