Белгилүү ардагер журналист, устат жана коомдук ишмер Кенжалы Сарымсаков оорудан улам 76 жаш курагында 20-майда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев жазды.
Маркумдун сөөгү 22-майда акыркы жылдары жашап келген Кичи Орок айылында жерге берилет.
Сарымсаков 1939-жылы 5-мартта Чүйдөгү Мураке айылында төрөлгөн. Көп жылдар бою теле-радиодо, маалымат агенттиктеринде жана гезиттерде иштеген. (КЕ)