Өткөн жылы Днепропетровск шаарындагы Баатырдын ысмын алып жүргөн №52 орто мектептин окуучулары интернет аркылуу Мукаш Салакуновдун туугандарын издешкен эле. Анын жакындарын издөөгө “Азаттык” радиосу да аралашып, көп өтпөй Мукаш Салакуновдун Жети-Өгүздөгү туугандары табылган болчу. Алар Украинадагы окуучулар менен байланышып, Салакунов тууралуу кененирээк маалымат берип келишкен.
8-май күнү Мукаш Салакуновдун туулган жеринде, Жети-Өгүз районунун Тосор айылында анын эстелиги ачылды. Эстелик анын жердештери, "Тосор" коомунун аракети менен тургузулган. Аталган коомдун жетекчиси Тыныбек Жукешов "Азаттыкка" маек курду.
Жукешов: Негизи Мукаш Салакунов, анын эрдиги тууралуу Союз убагында ачык айтылбаптыр. Эми гана ачыкка чыгып, билинип, угулуп отурат. Буга азыр эми кимди күнөөлөштү да билбейсиң. Ошондуктан, Мукаш Салакуновдун эстелиги да Улуу Жеңишке 70 жыл болгондо гана тургузулуп отурат. Анын үстүнө Союз таркагандан бери да айыл жаштарынын, биздин буга чолобуз тийбей, ар кайсы жакта жүрдүк, эми гана чогулуп, "Тосор" коомун түздүк. 8-май күнү Жеңиштин 70 жылдык салтанатына карата айылдын элин чогултуп, эстелигинин ачылышын өткөрдүк. Биз, кыргыздар унуткарып, Мукаш Салакуновдун жаркын элесине арнап жасай албай келген ишти украин боордоштор буга чейин эле кылып, анын атын бир көчөгө, дагы бир мектепке беришкен экен. Буйруса, биз да ушундай аракеттер менен баатырыбыздын атын даңазалоого аракет кылабыз.
"Азаттык": Мукаш Салакуновдун жакындарын издөө иштери былтыр интернетте жүрдү эле. Сиздердин кыймыл же Салакуновдун туугандары Украинага барып, анын сөөгү көмүлгөн жерди көрүп же атын алып жүргөн мектепте болдубу?
Жукешов: Тилекке каршы, "Тосор" коому бул аралыкта бара албай калдык. Буйруса, кийинчерээк Днепропетровск шаарынын бийлиги менен байланышып, биз ал жакка барсак, аларды да бул жакка чакырсак деген тилегибиз бар. Биздеги маалыматтар боюнча украин жергесинде Мукаш Салакуновдун атын алып жүргөн мектепте анын музейи да бар экен. Анда жердешибиздин согуш учурунда колдонгон буюмдары бар дешти. Ошондой эле музейди Тосорго да ачсак, жаш, өсүп келе жаткан жеткинчектер үчүн Улуу Ата Мекендик согушта аталарыбыздын көрсөткөн эрдиктерин унутпай, билип жүрүүсүнө жакшы болмок деп ойлойм.
Биз Мукаш Салакуновго эстелик койгондо, мемориалдык тактага биздин айылдан согушка кетип, кайтпай калгандарды, кайтып келип, кийин Кыргызстанда иштеп жүрүп, дүйнөдөн кайткан бардык айылдаштарыбыздын аттарын жаздырдык. Ошондой эле айылыбыздын эли менен чогуу Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларыбыз, тылда эмгектенген энелерибиз тууралуу маалыматтарды чогултуп, жалпы музей ачсак деген максатыбыз бар. Азыркы муун тарых барактарын жеткиликтүү билбейт. Ата Мекендик согуш кандай азап-тозокту, кыйынчылыктарды башка салганын, Улуу Жеңиштин баасы кандай кымбат болгонун, ал үчүн канчалаган өмүрлөр кыйылганын биле беришпейт. Өзүбүздүн эле айылдаштарыбыз, чоң ата, чоң энелерибиз кандай кыйынчылыктар менен жакшы жашоо курушканынан кабары жок. Ошондуктан, музей куралы деп турабыз, ал муундан муунга калуучу нерсе.
"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!