Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:37

Алымкулов: Альба шаарында 21 кыргызстандык салгылашкан


Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Франциянын Альба шаарында 2-партизандык бригадада 21 кыргызстандык салгылашкан, бирок алардын арасынан беш кишинин гана тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу Экинчи Дүйнөлүк согушту иликтеген тарыхчы Нарынбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, согушта туткунга түшүп калган жоокерлер качып чыгып ар кайсыл партизандык отряддарга кошулуп кеткен. Алар тууралуу так маалымат азырынча жок. Ал үчүн архивди терең иликтөө зарыл болуп турат.

Нарынбек Алымкулов “Мурас” фондунун колдоосу менен жакында Москвага барып, согуш боюнча архивдик материалдар менен таанышып келген. Тарыхчы согушка катышкан кыргызстандыктардын тагдырын изилдөөгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушу зарыл болуп турганын айтат. (SE\GA)

XS
SM
MD
LG