Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:18

Күндү сүйгөн, бактылуу Рамис акын


Рыскулов: Мен түбөлүк бактылуумун
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:47 0:00

Рамис Рыскулов

Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 26-январдын түнүндө 87 жашында дүйнөдөн кайтты.

"Азаттык" радиосу акындын архивде калган акыркы маегин сунуштайбыз. Ыр аке менен маекти акын, маркум Зайырбек Ажыматов 2015-жылы уюштурган.

“Азаттык”: Сексен жаштын сереси кандай экен, Рамис агай?

Рамис Рыскулов: Бир макал бар экен, улуу адамдар духовный жумуш аткарганда эч качан чарчабайт деген. Мен азыркы учурда үч, төрт күн сыртка чыкпайм. Отуруп алып иштей берем, иштей берем. Түн ортосунда да туруп алып ырдайм, бийлейм, сүрөт тартам. Бирок мен сүрөттү боёк менен тартканды жаман көрөм. Анан илинген картиналарга да боорум ооруйт. Искусствону асып коюшкан турбайбы деп.

“Азаттык”: Тарткан картиналарыңыз эмне тууралуу?

Рыскулов: Картиналарды түшүндүрүштүн кереги жок. Аны жөн гана көрүш керек. Мүмкүн мында космос менен болгон байланыш бар чыгар.

Ыр аке: Мен түбөлүк бактылуумун
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:16 0:00
Түз линк

Мен жаздын акынымын

“Азаттык”: Кечээ жакында кандай ырларды жаздыңыз?

Рамис Рыскулов: Оо-ой, анын баарын эсептеш кыйын да. Негизи биз жаш кезде "сүйдүм-күйдүм" деп эле жаза берет экенбиз. Андан башка тема жоктой. Көрсө, турмушта сүйүүдөн кем эмес нерселер бар экен. Мен муну чыгармачылыгымдын гүлдөгөн кезинде, 50 жаштан өткөндө түшүндүм. Эми ыр окуп берейин:

ЗАМАНАМ

Күн кармап турат колунда

Ай кармайт жана сүрдөбөй,

Дүбүртү бийик заманам,

Туралбайт деги түрлөнбөй.

Жаркырактан бүткөнсүп,

Жаркырайт менин заманам.

Ракет минип зуулдап,

Заркырайт менин заманам.

Томурулат түбүнөн,

Тереңдеп сырын билгизип.

Кимдерди бербейт дегеле,

Ойлосом абдан эл кызык.

Мекеним күсөп аялап,

Кучагым ачат ай-аалам.

Алыста күнгө жетебиз,

Талапташ болсо ар адам.

“Азаттык”: Сизге кайсы мезгил жагат?

Рыскулов: Мен жаздын акынымын. Жазында өзүм да, ырларым да кутуруп чыгып кетебиз. Чыгармачылык күчөйт.

“Азаттык”: "Жазда өзүм да кутуруп чыгам” дебедиңизби, кутурганда эмне кыласыз? Көчөгө чыгып кетесизби?

Рыскулов: Өзүм кутурганда жерге батпай, үйгө батпай анан Чым-Коргонго батып жүрбөймүнбү. Ал жакта үч жолу дарыландым. Чыгармам өлбөй калса деп дегдеп, аракет кылам. Акынга Кудай улуу күчтөрдү берет турбайбы, мисалы, түрмөдөбү, ооруканадабы, айтор акын мүдүрүлбөшү керек. Мен психушкадан деле жаздым. Бардык жерде ыр жазып келем. Дале ушу калыбыман жазбайм.

Түндөн да, күндөн да энергия алам...

“Азаттык”: Үйдөн чыкпай иштегенден чарчабайсызбы?

Рыскулов: Мен бир чоң ишти бүтмөйүнчө тыным албай иштей берем, түндө уктабай көп ырларды ырдайм, обон чыгарам.Түндө ырдаган ырымды, обонумду эртеси ошондой кайталай албаймын. Мен түндөн да, күндөн да энергия алам. Бир жакшы иш бүтүрсөм, күн мени куттуктайт.

“Азаттык”: Балалыгыңызга кусаланасызбы?

Рыскулов: Үйдүн чыгып чатырына,

Ыр жазчумун олтуруп.

Эч кимге айтпай ошонум,

Кубанчумун!

Ак баракты толтуруп.

Эликтин жаш чаарчыгы,

Кубалачу бизди аябай,

Там башына чыга качып,

Кутулчубуз ай, пай-пай!

Чаарчык болсо чарчоо билбей,

Так секирип түйүлчү,

Биз менен ойноп сүйүнчү.

Көп жыл өттү, андан жалгыз,

Талпак калды бир гана.

Көп ойду ошол ойлотчу,

Болсо туш-туш дүрдана.

Мен студент кезим эле,

Тоонун чыксам башына.

Балдардын ичинен мен,

Чаарчык үнүн тыңшадым.

Баягы чаарчык элестеп,

Ойго баттым ичимен.

Энесин издеп чакырат,

Бейкут жашап ээндикте,

Тоо булагы, тоо чөбү,

Абдан жагат эликке.

Мен - пайгамбар, кемпирим - машаяк...

“Азаттык”: Акын үчүн аялзаттын сулуулугу бакытпы же кайгыбы?

Рыскулов: Сулуу кыз, сулуу айымдар аз болгон үчүн канча жигиттер жеген канжардын мизин. Байыркы Грециянын Троясы да Елена деген сулуу үчүн болгон, ырасында. Согуш убагында турмуш начар болгон үчүн сулуулар кеткен азайып. Бир сулуу үчүн көп жигит өлтүрүлгөн. Аябай куугун жеген кашайып. Үстү ачык жеңил унаада эл алдына сулуу аялы менен чыкканы үчүн президент Кеннедиге ок атылган.

Азыр болсо бейпил доордо,

Эл турмушу катуу оңолду араң зорго.

Сулуулар кетти көбөйүп,

Метис балдар төрөлүп.

“Азаттык”: Байбичеңиз жакшы эле карап жатабы? Кимге нааразысыз?

Рыскулов: Мен акчам жок деп арыз-муңун айткан адамдарды жаман көрөм. Кемпирим Шаира менден он жети жаш кичүү. Мен пайгамбар болсом, бул – машаяк. Үйдө ресторандын тамагын жасап берет. Жүз грамм да бар. Ары-бери барып, кечемди өткөрүп, үйүмдү алып берген да ушу. Мен эч бир чоңго жардам сурап барбайм, өздөрү бербесе. Ал эми арак, шахмат досторумдан өөнөп-төөнөп акча алам. Сүрөттөрүмдү сатам.

“Азаттык”: Жашоодо кандайдыр бир арманыңыз барбы?

Рыскулов: Менде кайдан арман болсун. Жүз өнөрү бар кишинин да арманы болчу беле. Мен түбөлүк бактылуумун.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

1951-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1959-жылы Москвадагы Борбордук жогорку комсомолдук мектепти жана Бүткүл союздук Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде, «Ала-Тоо» журналында эмгектенген.

Өмүрүнүн көп учурун чыгармачылыкка жумшаган. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1959-жылы «Жаз» деген ат менен басылып чыккан. Ал «Поклон земле», «Даңкан», «Шаттуу ырлар», «Дилбар», «Күлкү чачам», «Жаштык шаары», «Эки жөжө», «Ырлар», «Ай бөбөк», «Ыр нөшөрү» өңдүү орус жана кыргыз тилдеринде чыккан ыр китептеринин, чыгармалар жыйнактарынын автору.

Рамис Рыскулов кыргыз адабиятына жаңычыл акын катары кирип, поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген.

Ал чет элдик акындар Пушкиндин, Некрасовдун, Михалковдун, Есениндин, Маяковскийдин, Вознесенскийдин жана Алимжановдун ырларын кыргызчага которгон.

Рыскулов сүрөтчүлүк өнөр менен да алектенип келген. 1987-жылы ал тарткан «Иисустун өнүгүшү» жана «Жылмаюу» деген сүрөттөрү Москвада өткөн элдик кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүндө диплом алган. Париждеги СССР элдеринин элдик кол өнөрчүлөрүнүн II фестивалында жеңүүчү болгон.

Былтыр Улуттук китепканада Рыскуловдун туулган күнүнүн урматына «Ыр жыттанган Эл акыны» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Рамис Рыскулов Кыргыз эл акыны, «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG