Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

"Бир дүйнө Кыргызстан": Кеңсени тинтүү - бизге карата басым


Тинтүүдөн кийинки кеңсенин абалы
Тинтүүдөн кийинки кеңсенин абалы

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын Ош шаарындагы кеңсесинде жүргүзүлгөн тинтүү боюнча аталган кыймыл билдирүү таратты. Билдирүүдө кеңседе тинтүү жүрүп жаткан маалда кыймылдын 4 кызматкери гана болгону, калган кызматкерлерди, уюмдун өнөктөштөрүн, көз карандысыз адвокаттарды, акыйкатчынын Ош облусу боюнча өкүлүн УКМК кызматкерлери киргизбей койгону айтылат. Укук коргоочулардын өтүнүчү менен келген депутат Айнуру Алтыбаева да көпкө чейин кеңсеге кире алган эмес.

Кеңседен компьютерлер, абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровго, Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камоловго, медресенин молдосу тарабынан зордукталган 9 жаштагы балага (кыймылдын адвокаттары баланын кызыкчылыгын коргоп жаткан), 3 айлык наристеси менен абакта жаткан келинге, УКМК кызматкерлери 20 миң доллар доолаган ишкерлер Байбабаевдерге байланыштуу маалыматтар сакталган флешкалар алынган.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы УКМКнын бул аракеттерин өлкөдөгү укук коргоочуларга, аны менен катар адвокаттарга басым катары баалады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG