Жеңиштин 70 жылдыгына арналган "Биздин тарых" долбоорубузга "Азаттыктын" окурман-угармандары майданга катышкан аталарынын, жакын туугандарынын, жердештеринин сүрөттөрүн алып келүүнү улантышууда. Маселен, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан Кемел Сооронбаевдин сүрөтүн кызы жөнөтсө, Кудайберген Жолалиевдин сүрөтүн бир тууган иниси, быйыл 80ге чыккан Зарлык Курманалиев, Дүйшөн Жамгырчиевдин сүрөтүн небереси Асыл Малайбеков алып келген.
Биздин тарых