Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

ЖАМУ ректору вице-премьердин айтканын төгүндөдү


Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Акунжан Абдрашев вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын "окуу жайда медициналык факультет 3 жылдан бери лицензиясыз иштеп келүүдө” деген сөзүн төгүнгө чыгарды. Ректор "Азаттыкка" билдиргендей, окуу жайдын медицина факультети 2010-жылы ачылып, 2012-жылы адистерди даярдоо боюнча лицензия алган. Учурда факультетте дарылоо иши жана фармация багытында 200 студент билим алууда.

20-март күнү облуска иш сапар менен барган Дамира Ниязалиева ЖАМУнун медицина факультетинин лицензиясы 3 жыл мурда токтотулганына карабай адистерди коммерциялык багытта даярдоо уланып жатканын айткан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG