Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп жаткан “Кыргызстан сулуусу” сынагынын жарым финалы 28-февралда Бишкекте өтөт. Ага Кыргызстандын бүт аймактарынан 84 кыз катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар кабарлады.
Кыздардын дэңгээлин эл аралык тажрыйбасы бар адистер баалашат. Жарым финалдан өткөндөр 4-март күнү финалда күч сынашат.
“Кыргызстан сулуусу” сынагы Бишкектеги Спорт ордосунда 17:00дө башталат. (SE)