Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Жогорку Кеңеш энергетиканы арзандатууну талап кылууда


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Парламенттин отун-энергетика комитети электр энергиясынын баасын төмөндөтүүнү сунуш кылууда. Аталган комитет өкмөт алдындагы отун-энергетика комплекси боюнча мамлекеттик департаментке электр энергиясынын баасын апрель айынан тарта төмөндөтүүнү сунуш кылды. Комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев электр энергиясын калк үчүн да, өнөр жайлар үчүн да бирдей баада 1 кВт саатын 85 тыйындан баалоо керек деп эсептейт.

Ал эми энергетика министрлиги тариф саясатына ылайык, апрель айынан тарта бааны 20% көбөйтүүнү сунуштаган. Энергетиктер Кыргызстандагы азыркы тариф энергетика тармагынын чыгашаларын жаппайт, ошондуктан тармак абдан олуттуу каражат тартыштыгынан жабыркап келатканын билдирип келүүдө.

Мурдараак президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевден баа 70 тыйын боюнча калтырылуусун талап кылган.

Ал эми Токтогул суу сактагычындагы суунун бүгүнкү көлөмү дээрлик 7 млрд. куб метр болуп калды. Адистердин айтуусунда дагы 500 млн. куб метр суу пайдаланылган соң, ГЭСти токтотуу аргасыздыгы келип чыгат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG