20-февралда Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Өзбекстандын маданий күнү белгиленди. Коңшу өлкөнүн элчилиги бул окуу жай менен бирге уюштурган иш-чарада өзбек адабиятынын классиктеринин китептеринин, улуттук кийимдердин, кездемелердин көргөзмөсү жана сүрөт галерея уюштурулду.