Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Британиянын парламенти Евробиримдик менен британ өкмөтүн сындады


Британ парламенти Европа Биримдигин жана Британияны Украинадагы кризисти жөнгө салууда Москванын кас маанайын жетиштүү баалай алган эмес деп сындады.

Евробиримдик маселелери боюнча комитеттин төрагасы Кристофер Тагендхэт кырдаал жетиштүү түрдө анализделбеген деп эсептейт.

Комитеттин билдирүүсүндө белгиленгендей, Евробиримдик Орусияда демократиялык реформалар жүргүзүлөт деп күткөн. Натыйжада шаркеттин Украина менен жакындашуу пландары Москванын ушундай терс реакциясын жаратат деп эч ким күткөн эмес.

Британия 1994-жылы Будапешт меморандумуна кол койгон 4 өлкөнүн бири болгондуктан Украинадагы абал үчүн өзгөчө жооптуу, - дешет комитеттин мүчөлөрү. Ал келишим Украинанын аймактык бүтүндүгүн кепилдейт.

Европа биримдигинин президенти Доналд Туск буга чейин британ премьери Дэвид Кэмеронду Донбасстагы урушка Брюссель кандай жооп кайтарышы керек деген талкууга катышууга чакырган.

XS
SM
MD
LG