Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Каниметов: Анапияевдин өлтүрүлгөнү такталууда


Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспорту.
Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспорту.

Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Алмамбет Анапияевдин Минскте өлтүрүлгөнү такталып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов билдирип, Анапияевдин өлтүрүлгөнү тууралуу оперативдүү маалымат келип түшкөнүн тастыктады. Учурда Беларустун тиешелүү кызматтары менен байланышып, аны тактоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин (24.04.1974) атына берилген Орусиянын паспортунун жана канжалаган адамдын денесинин сүрөтү Кыргызстандын атайын кызматтарына Минсктен жиберилгенин “Азаттыкка” ишенимдүү булактар кабарлаган.

Алмамбет Анапияев 1973-жылы 17-августта Ош облусунун Алай районундагы Жекенди айылында туулган.

Ал “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин оң колу катары өлкө түштүгүндө кылмыш чөйрөсүн кармап келгендиги айтылып келген. 2003-жылы Кадамжай райондук соту карактоо фактысы боюнча сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок үч жылдык сыноо мөөнөтүнөн соң абактан чыккан. Андан соң Кылмыш кодексининин адам уурдоо, талап-тоноо сыяктуу беренелери боюнча бир нече оор айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG