Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

Минск: Украина боюнча сүйлөшүү 12 сааттан бери уланууда


Беларустун борбору Минскте Украина, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери катышкан “Нормандия форматындагы” жолугушуу 12 сааттан бери уланууда. Алар Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулап жатышат.

“Сүйлөшүүлөр абдан оор жүрүүдө” деп билдирди Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Евгений Перебийнис. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык журналисттердин жолугушуу кандай өтүп жатканы тууралуу суроосуна “супер” деп жооп бергенин Би-Би-Си жазып чыкты.

“Нормандия форматындагы” жолугушуунун лидерлери - Ангела Меркел, Франсуа Олланд, Петро Порошенко жана Владимир Путин макулдаша турган дагы эки документ бар.

Бул тууралуу украин президентинин аппарат башчысынын орун басары Валерий Чалый билдирди. Төрт лидер Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча долбоорду талкуулашууда.

XS
SM
MD
LG