Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Турсунбеков: Мырзакматов КСДП менен иштешүүгө катуу аракеттенген


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов бийлик менен, КСДП партиясы менен иштешүүгө бир канча ирет аракет кылган. Мындай маалыматты КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Мырзакматов буга чейин “Улуттар биримдиги” партиясынын саясый кеңешиндегилерди жөнөтүп, КСДП партиясы менен пикири бир экенин билдирип, чогуу иштешүүнү сунуштаган.

"Мырзакматов бийлик менен иштешем, багытыбыз бир деп жүргөн. Анан кылмыш иши козголгондон кийин эле пикири өзгөрүп кетти. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш да. Ким эле өз күнөөсүн мойнуна алгысы келсин" - деди Турсунбеков "Азаттыкка".

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов интернет аркылуу кайрылуу жасап, ага тагылып жаткан айыптын баары саясый куугунтук, чыныгы коррупционерлер бийликтеги КСДП партиясында экенин билдирген.

Башкы прокуратура 27-ноябрда Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык иш козгоп, анын негизинде Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. Экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагылган. ИИМ Мырзакматовду кармоо боюнча "Интерполго" да кайрылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. (UEz/AiA)

XS
SM
MD
LG